Новости

Карыларга — урмат, мээрим жана көңүл буруу

Эл аралык карылар күнүнө карата ОшМУнун Педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековнанын жетекчилиги алдында ОшМУнун 2-курсунун студенттери Ош шаарындагы «Боорукердик үйүнө» барып, кадырлуу карыялардан кабар алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан атайын концерттик программа уюштурулуп, ыр-бийлер тартууланып, дасторкон жайылып, чакан фуршет өткөрүлдү. Ошондой эле студенттер өз колдору менен даярдаган белектерин тартуулап, ар бир аксакал-апага жылуу каалоо-тилектерин билдирип, Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттукташты. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов да катышып, кадырман карыяларды майрамы менен куттуктап, аларга акчалай белектерин тапшырышты. Бул жолугушуу жаш муунга улууларды урматтоо, аларга кам көрүү жана мээрим көрсөтүү сыяктуу адамдык баалуулуктардын маанилүүлүгүн дагы бир ирет эске салды. Улууну урматтоо — элибиздин улуу салты. Карыялардын батасы — жаштарга жол көрсөткөн жарык чырак.
65 03:58 02-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|