Жанылыктар

Кара-Кой улуттук паркында Туризм күнүнө арналган практикалык иш-чара өткөрүлдү


2026-жылдын 26-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн «Туризм» адистигинин студенттеринин катышуусунда Ноокат районундагы Кара-Кой улуттук паркында Туризм күнүнө арналган окуу-практикалык жана агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Б.К., Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жана окутуучулар Абдиев Б., Жапар кызы Бактыгүл, Азим кызы Нүргүл, Байназарова Нурзаданын уюштуруучулугу жана жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, туристтик-рекреациялык ресурстар жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер арасында спорттук-туристтик жана интеллектуалдык мелдештер, командалык тапшырмалар уюштурулду. Тапшырмалар багыт алуу, туристтик маршрутту уюштуруу, командада иштөө, лидерлик, ыкчам чечим кабыл алуу жана жаратылыш шартында коопсуз аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Мындан тышкары, студенттер Кара-Кой улуттук паркынын жаратылыш жана туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган практикалык иштерге катышты. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана туруктуу туризмдин принциптери боюнча түшүнүктөрү кеңейтилди.

Жалпысынан, иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөөгө, теориялык билимдерин реалдуу шартта колдонууга, командалык жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багытталган маанилүү окуу-тарбиялык иш-чара болду.


36 11:00 02-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|