Ош Мамлекеттик Университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Мамлекеттик тил күнүнүн 37 жылдыгына карата студенттер арасында "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюну жогорку деңгээлде болуп өттү.
Оюндун негизги максаты:
Студенттердин эне тилге болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттыруу;
Логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын ачуу;
Кырдаалга жараша тез жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Студенттер жигердүү катышып, өз ара курч атаандаштыкта, жогорку интеллектуалдык даярдыкта эне тилибиздин байлыгын, тереңдигин жана логикалык ой жүгүртүүлөрүн көрсөтө алышты.