1-октябрь Карылар күнүнө карата социалдык жардам көрсөтүлдү
19:55
02-10-2026
38
Ош Мамлекеттик Университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы биргеликте маанилүү кайрымдуулук жана социалдык иш-чара уюштурушту.
Иш-чарага Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Алибаева Максула Абсаламовна баш болгон бөлүмдүн кызматкерлери жана колледждин студенттери жигердүү катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты:
Улуу муундун аруу эмгегин баалоо жана аларга терең урмат-сый көрсөтүү;
Улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга моралдык, социалдык колдоо көрсөтүү, камкордук көрүү;
Келечектеги медицина кызматкерлери болгон студенттерде боорукердик, кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик сапаттарын калыптандыруу.
Иш-чаранын жүрүшүндө карыяларга жылуу маанай тартууланып, алардын коомдогу орду өзгөчө экендиги белгиленди. Бул сыяктуу демилгелер муундар ортосундагы байланышты чыңдап, келечек муунга адеп-ахлактык чоң тарбия берет.