Карылар күнүнө карата «Ички оорулар жана үй-бүлөлүк медицина» кафедрасынын уюштуруусу менен 6-курсунун «Дарылоо иши» адистигинин студенттери карылар үйүнө барып, жашоочуларга колдоо көрсөтүп, жардам беришти.
Иш-чаранын алкагында студенттер карылар үйүнүн аймагында ишембилик өткөрүп, короо-жайды тазалоого, айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө жана кыш мезгилине даярдык көрүүгө көмөктөштү.
Мындан тышкары, студенттер карылар менен баарлашып, алардын ал-абалынан кабар алып, жылуу мамиле жана көңүл буруу тартуулашты.
Мындай иш-чаралар студенттердин улуу муунга болгон урмат-сыйын арттырып, боорукерликке, адамгерчиликке, камкордукка жана коомдук жоопкерчиликке үндөйт.
Карылар — коомубуздун баалуу мурасы жана жаш муун үчүн чоң тажрыйбанын булагы. Аларга урмат-сый көрсөтүп, камкордук жана көңүл буруу — ар бирибиздин милдетибиз.
Бул иш-чараны уюштурган «Ички оорулар жана үй-бүлөлүк медицина» кафедрасына, ошондой эле активдүү катышкан 6-курсунун «Дарылоо иши» адистигинин студенттерине ыраазычылык билдиребиз!