News

Карылар күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы

Карылар күнүнө карата 03.10.2026 күнү, 6-курсунун «Дарылоо иши» адистигинин студенттери карылар үйүнө барып, жашоочуларга колдоо көрсөтүп, жардам беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер карылар үйүнүн аймагында ишембилик өткөрүп, айлана-чөйрөнү тазалоого, короо-жайды иретке келтирүүгө жана кыш мезгилине даярдык көрүүгө көмөктөштү. Ошондой эле карылар менен баарлашып, алардын ал-абалынан кабар алып, көңүл буруу жана жылуу мамиле тартуулашты. Мындай иш-чаралар жаштардын улууларга болгон урмат-сыйын арттырып, боорукерликке, камкордукка жана коомго пайдалуу болууга үндөйт. Карылар — биздин коомдун баалуу мурасы. Алардын акыл-насаатын урматтап, ар дайым камкордук жана көңүл буруу көрсөтүү — ар бирибиздин милдетибиз. 6-курсунун «Дарылоо иши» адистигинин студенттери менен биргеликте өткөрүлгөн бул иш-чара жылуулукка, мээримге жана жакшы ниетке бай болду.
4 07:41 05-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|