Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу «ОшМУнун мыкты окутуучусу» наамына ээ болду
09:11
05-10-2026
14
Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу «ОшМУнун мыкты окутуучусу» наамына ээ болду
-----------------------------------------------
Ош мамлекеттик университетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу Акимжанова Назира Кыргыз Республикасынын Мугалимдер күнүнө карата университет тарабынан уюштурулган сыйлык тапшыруу аземинде «ОшМУнун мыкты окутуучусу» наамына татыды.
Бул ардактуу наам окутуучунун билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгегин, кесипкөйлүгүн, студенттер менен иштөөдөгү жигердүүлүгүн жана окуу процессине кошкон салымын баалоо максатында ыйгарылды.
Акимжанова Назира өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө студенттердин кесиптик жана тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө, заманбап окутуу ыкмаларын колдонууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп келет.
Кафедранын жалпы жамааты Акимжанова Назираны «ОшМУнун мыкты окутуучусу» наамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Ага бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди, кесиптик өсүштү жана мындан аркы эмгегинде чоң жетишкендиктерди каалайбыз!
Устаттын эмгеги — келечек муундун ийгилигинин пайдубалы!