Жанылыктар

5-октярь күнү Ош шаарынын күнү

Финансы-юридика колледжинде 2026-жылдын 5-октярь күнү Ош шаарынын күнүнө карата "Касиеттүү Ош — кылымдардын мурасы" аттуу тарыхый -маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — Ош шаарынын байыркы жана уникалдуу тарыхын, тарыхый-маданий мурастарын жаштарга таанытуу, студенттердин мекенчилдик сезимин күчөтүү жана туулуп-өскөн жердин тарыхын терең урматтоого тарбиялоо. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын тарыхы, анын Улуу Жибек жолундагы орду, байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолу тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Студенттер тарабынан шаардын тарыхый жайлары, архитектуралык эстеликтери жана Ош менен байланышкан тарыхый инсандар тууралуу баяндамалар жасалып, көркөм окуулар жана кызыктуу тарыхый маалыматтар тартууланды. «Касиеттүү Ош — кылымдардын мурасы» аттуу иш-чара студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, Ош шаарынын миңдеген жылдардан бери уланып келе жаткан тарыхый мурасын баалоого жана сактоого чакырган маанилүү тарбиялык иш-чара болду. Иш-чараны Коомдук илимдер жана АЧД билим берүү циклынын мугалимдери Чутбаев Алымжан агай, Садыкова Максатай жана Токторова Нуржан эжекелер уюштурушту. Ош — тарыхы терең, келечеги кең, кылымдарды карыткан касиеттүү шаар!
53 05:50 06-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|