Haber

Карылар күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы

Карылар күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы 2026-жылдын 5-октябрь күнү Карылар күнүнө карата Финансы-юридикалык колледжинин ФКК-11-26 тобунун студенттери жана «Коомдук илимдер жана АЧД» билим берүү бөлүмүнүн мугалимдери М.Т. Садыкова, К. Бадалова жана Н.К. Токторованын катышуусунда Ош шаарындагы «Боорукердик үйүнө» кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — улуу муун өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүү, аларга камкордук жана көңүл буруу менен бирге студенттерди боорукердикке, адамгерчиликке, кайрымдуулукка жана коомдук жоопкерчиликке тарбиялоо. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер «Боорукердик үйүнүн» жашоочулары менен жолугушуп, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Улуу муун өкүлдөрү менен баарлашып, алардын акыл-насааттарын угуп, жакшы маанай тартуулашты. Мындай иш-чаралар жаштарды улууларды сыйлоого, мээримдүүлүккө жана адамдык баалуулуктарды жогору баалоого үндөп, коомдо өз ара урмат-сыйды жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
55 05:56 06-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|