ОшМУнун Курулуш колледжинин жалпы жамааты сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
17:40
06-10-2026
10
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, эмгегиңиздерге ийгилик жана чыгармачылык дем каалайбыз! Жаш муунга билим берип, тарбиялап, келечекке жол көрсөткөн асыл эмгегиңиздер ар дайым жогору баалансын!
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө студенттер агай-эжейлерге өзгөчө маанай тартуулап, ыр-бийлерден турган чакан концерттик программа тартуулашты.Ошондой эле мугалимдерге болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары чакан белектер тапшырылды.
Майрам жылуу каалоо-тилектерге, жагымдуу маанайга жана кубанычтуу ирмемдерге бай болду.
Ардактуу агай-эжейлер, Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун!
Эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, ар дайым студенттериңиздердин ийгилиги менен сыймыктанып жүрө бериңиздер!