Haber

ОшМУнун Курулуш колледжинин жалпы жамааты сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, эмгегиңиздерге ийгилик жана чыгармачылык дем каалайбыз! Жаш муунга билим берип, тарбиялап, келечекке жол көрсөткөн асыл эмгегиңиздер ар дайым жогору баалансын! Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө студенттер агай-эжейлерге өзгөчө маанай тартуулап, ыр-бийлерден турган чакан концерттик программа тартуулашты.Ошондой эле мугалимдерге болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары чакан белектер тапшырылды. Майрам жылуу каалоо-тилектерге, жагымдуу маанайга жана кубанычтуу ирмемдерге бай болду. Ардактуу агай-эжейлер, Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун! Эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, ар дайым студенттериңиздердин ийгилиги менен сыймыктанып жүрө бериңиздер!
11 17:40 06-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|