Тарыхтын барактарын барактап, бүгүнкү күндүн талаптарын талкуулап, келечекке ишенимдүү кадам таштоо - ар бир муундун ыйык милдети. Ушул максатта окуу жайыбызда кураторлор К. Алиева жана Н.Мырзабековалардын демилгеси менен жогорудагыдай аталыштагы ачык куратордук саат өткөрүлдү. Катышуучулар жигердүү дискуссия жүргүзүп, студенттер өз пикирлерин ачык билдиришип, улуу муундун тажрыйбасынан баалуу насааттарды алышты.