Новости

Мугалимдер күнүнө арналган иш-чара

5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата колледжибизде окутуучуларга арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан окутуучуларга арналган ыр-бийлер, музыкалык чыгармалар жана куттуктоо сөздөрү тартууланды. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүп, агай-эжейлерге жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Майрамдык иш-чарада окутуучулардын жаштарды билимге, кесипке жана мекенчилдикке тарбиялоодогу эмгеги белгиленип, аларга терең ыраазычылык айтылды.
4 19:31 07-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|