«Кыргызстандагы тарых илиминин учурдагы маселелери»
06:10
08-10-2026
21
Тарых-юридика институтунда 2026-жылдын 8-октябрында илимий-практикалык конок лекция болуп өттү
Иш чаранын алкагында көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги, Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери жана Бүткүл дүйнөлүк полиция аялдар ассоциациясынын мүчөсү Каана Айдаркул «Кыргызстандагы тарых илиминин учурдагы маселелери» деген темада баяндама жасады.
Лекцияда каралган негизги маселелер: Азыркы мезгилдеги Ата мекендик тарых илиминин теориялык-методологиялык маселелери, тарыхый фактыларды калыс изилдөө жана жаңыча талдоо ыкмалары;
Тарыхый булактар менен иштөө, жабык архивдик документтерди илимий айлампага киргизүү жана тарыхый эс тутумду сактоо; Жаш изилдөөчүлөрдүн жана магистранттардын илимий-изилдөө иштериндеги актуалдуу багыттар, методологиялык сабаттуулукту жогорулатуу.
Мындай мазмундуу кездешүүлөр катышуучулардын илимий көз карашын кеңейтүүгө жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң түрткү берерин уюштуруучулар белгилешти.