News

«Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү»

Тарых-юридика институтунда конок лекция өткөрүлдү 2026-жылдын 8-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда студенттердин жана окутуучулардын кесиптик билимдерин кеңейтүүгө багытталган конок лекция болуп өттү. Конок лекцияны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Кулбаев Аслан Касымалиевич өткөрдү. Лекциянын темасы: «Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү». Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр, алардын укуктук мааниси жана укук колдонуу практикасындагы өзгөчөлүктөр кеңири талкууланды. Лектор мыйзамдардагы жаңылыктарды практикалык мисалдар менен түшүндүрүп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Иш-чарага Тарых-юридика институтунун окутуучулары, «Юриспруденция» багытындагы студенттер жана магистранттар катышты. Лекция өзгөчө студенттер үчүн теориялык билимди практикалык укуктук маселелер менен айкалыштырууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Конок лекциянын соңунда катышуучулар актуалдуу укуктук маселелер боюнча пикир алмашып, кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүүнүн жана заманбап укуктук практикага ылайык адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Иш-чараны уюштуруучулар: ОшМУнун Тарых-юридика институтунун дирекциясы жана Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы. Билим — кесиптин пайдубалы, мыйзам — мамлекеттин тиреги, жоопкерчилик — юристтин кесиптик абийири.
25 06:24 08-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|