News

Программалоо ПЦКсында Бүткүл программисттер күнүнө арналган «Код — язык будущего» аттуу концерттик иш-чара болуп өттү.

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Программалоо ПЦКсында Бүткүл программисттер күнүнө арналган «Код — язык будущего» аттуу концерттик иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин программалоо тармагына болгон кызыгуусун арттыруу, заманбап маалыматтык технологиялардын маанилүүлүгүн белгилөө жана келечектеги программисттерди чыгармачылык жактан колдоо. Концерттин жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган ырлар, бийлер, кызыктуу сценкалар жана программалоо кесибине арналган чыгармачылык номерлер тартууланды. Иш-чарада программист кесибинин өзгөчөлүктөрү, заманбап технологиялардын коомдогу орду жана санариптик келечек тууралуу ойлор чагылдырылды. Иш-чара студенттердин активдүү катышуусу менен кызыктуу жана жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүү менен бирге программалоо кесибине болгон кызыгуусун жана кесиптик багытын дагы бир ирет белгилешти.
31 08:01 08-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|