Кафедрада уюштуруу жана окуу-тарбия иштерине байланыштуу жыйын өткөрүлдү.
08:32
08-10-2026
19
Кафедрада жаңы окуу жылына карата уюштуруу жана окуу-тарбия иштерин пландаштырууга багытталган жыйын болуп өттү.
Жыйында кафедранын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралды. Тактап айтканда, кафедранын штаттык расписаниеси Ош мамлекеттик университетинин тиешелүү жобосуна ылайык каралып, бекитилгени белгиленди.
Ошондой эле кафедранын ички иштерин уюштурууга жооптуу окутуучулардын арасында ротация жүргүзүлүп, кафедралык иштердин айрым багыттары боюнча жооптуу кызматкерлер жаңыртылды.
Мындан тышкары, жаңы окуу жылындагы кураторлук, насаатчылык жана студенттер менен тарбиялык иштер, ошондой эле коррупцияга каршы иш-чаралар талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө белгиленген маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, кафедранын алдыдагы окуу жылындагы ишмердүүлүгүн сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган сунуштар айтылды.