Жанылыктар

Октябрь, 2026. «Ич көңдөй органдарынын оперативдик хирургиясы жана топографиялык анатомиясы» темасында мастер-класс өттү.

2026-жылдын 2-октябрында АГНФ кафедрасынын окутуучусу Канымгүл Асанбек кызы «Ич көңдөй органдарынын оперативдик хирургиясы жана топографиялык анатомиясы» деген темада мастер-класс өткөрдү. Сабактын алкагында эксперименталдык модель — коёнго лапаротомия жасалды. Процедуранын жүрүшүндө негизги хирургиялык көндүмдөрдү калыптандырууга — түйүндөрдү туура байлоого жана кыртыштарды аярлык менен кесүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир катышуучунун жумушу чек-лист боюнча бааланып, жыйынтыгында баллдар коюлду. Анестезия булчуңга сыяктуу куюу аркылуу камсыз кылынды.
27 10:44 08-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|