Жанылыктар

КД2 кафедрасынын окутуучулары Research4Life платформасынын мүмкүнчүлүктөрүнө арналган семинарга катышты

5-октябрда КД2 кафедрасынын окутуучулары Муктарали кызы Бегимай жана Алимова Н. А. Research4Life платформасынын мүмкүнчүлүктөрүнө арналган семинарга катышты. Семинар медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Сооронбаев М. Т. жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Research4Life платформасынын мүмкүнчүлүктөрү, илимий адабияттарга, академиялык маалымат базаларына жана дүйнөдөгү алдыңкы басмаканалардын билим берүү ресурстарына жетүү тартиби менен таанышышты. Ошондой эле бул ресурстарды илимий изилдөөлөрдө жана билим берүү процессинде колдонуу жолдору тууралуу маалымат алышты.
13 07:50 09-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|