Жанылыктар

ЭББП колледжинде араб тил билүү деңгээлин аныктоо сынагы өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде ПДАС-1-24 жана ПДАС-1-25 тайпаларынын студенттери үчүн тил билүү деңгээлин аныктоо сынагы өткөрүлдү. Сынактын негизги максаты — студенттердин тил билүү деңгээлин аныктоо, алган билимдерин баалоо жана тилдик даярдыгын текшерүү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз билимдерин көрсөтүп, тилдик көндүмдөрүн баалоого мүмкүнчүлүк алышты. Мындай сынактар студенттердин билим деңгээлин аныктоого, окуу процессинин натыйжалуулугун баалоого жана мындан аркы окуу иштерин пландаштырууга өбөлгө түзөт. Ош мамлекеттик университети студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
12 13:30 09-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|