News

ӨЗГӨН ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 9-октябрда, Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн бир катар билим берүү мекемелеринин кызматкерлери Өзгөн шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Алардын катарында ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары Муратов Искандер Акматович жана Айдар уулу Мухаммед-Юсуп шаардык мэриянын Ардак грамоталарына ээ болушту. Ал эми колледждин директорунун м.а. Каримбаев Элназар Сагыналиевич акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул сыйлыктар билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, жоопкерчилигине жана жаш муундарга сапаттуу билим берүү багытындагы үзүрлүү эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат. ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жамааты сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, аларга чың ден соолук, кесиптик ийгиликтерди жана мындан аркы үзүрлүү эмгекти каалайт.
7 17:59 09-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|