Жанылыктар

ЭАББП колледжинде студенттер үчүн укуктук коопсуздук боюнча жолугушуу уюштурулду.

2026-жылдын 9-октябрында ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде (ЭББПК) «Адаптация навигациясы: Илмексиз келечек» аттуу маанилүү иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты — жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана алардын коомдо туура жол табуусуна көмөктөшүү. Иш-чара ЭББПКнын Аялдар кеңешинин төрайымы Г. Бөрүбекова, Г. Мадалиева жана Индустриалдык-педагогикалык колледждин окутуучулары М. Т. Абдибаитов, Б. Ш. Жоробаев, З. А. Солтоев, М. Махмудов тарабынан уюштурулду. Жыйынга Ош ШИИБдин Киберкылмыштар менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана «Ак-Буура» милиция аймактык бөлүмүнүн адистери катышты. Тартип сакчылары студенттерге киберкоопсуздук, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана коомдук тартипти сактоо эрежелери тууралуу кеңири түшүндүрүп, баалуу сунуштарын беришти.
54 04:43 10-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|