News

УЛУТТУК ЧЕМПИОН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ОшМУнун Enactus командасы — Кыргызстандын 2026-жылдагы Улуттук чемпиону! 2026-жылдын 8- октябрда Тарых- юридика институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Студенттер менен жолугушуп, өз тажрыйбалары социалдык жана ишкердик долбоорлору тууралуу бөлүшүштү. Жолугушууга:ТЮИнун директору ю.и.к., доцент Айтбаева Ж.С., жалпы профессордук окутуучу курам жана студенттер катышышты. Enactus долбоорлору менен таанышып, идеяларды реалдуу долбоорлорго айландыруу жолдорун көрө алышты жана жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Enactus платформасы тууралуу билишти. Ошондой эле жаңы адамдар менен таанышып, командада иштөө тажрыйбасын ала алышты, өз идеяларыңызды ишке ашырууга мотивация ала алышты Уюштуруучу тарых – юридика институтунун стартап экосистемасын өнүктүрүү боюнча адиси С.Т.Жолчиев. Өзгөрүү бир адамдан, бир идеядан жана бир кадамдан башталат! Кыргызстандын келечеги — биздин колубузда!
5 04:14 12-10-2026

                 

News

|< >|