Жанылыктар

ОшМУнун кафедра башчысы Москвада доклад окуду

Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, проф. С.М. Амиралиев 3 күндүк иш сапары менен Москва шаарына барып келди. Алгач Росомед уюмунун 15 жылдык юбилейине арналып уюштурулган “Медицинадагы симулациялык окутуу: тажрыйба, өнүгүү жана инновациялар” аттуу эл аралык конференцияда аталган уюмдун илимий изилдөө грантынын негизинде Ош мамлекеттик университетинде ушул жылдын апрель-сентябрь айларында аткарылган долбоор боюнча “Медиктердин кесиптик билимдеринин деңгээлин текшерүүгө багытталган “Своя игра” форматындагы интеллектуалдык викторина” деген темада пленардык жыйында доклад окуду. Мындан тышкары 2 күн бою симуляциялык билим берүүнүн, жасалма интеллекттин жана виртуалдык пациенттин медицинада колдонулушунун учурдагы актуалдык маселелерине арналган мастер-класстарга, талкууларга жана көргөзмөгө катышып, Казакстандан, Беларустан жана Россиянын түрдүү региондорунан келген кесиптештери менен кызматташуунун ар тараптуу траекториялары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 8-октябрда Москва мамлекеттик педагогикалык университетине барып, филология институтунун директору, филол.и.д., проф. Е.Г. Чернышеванын кабыл алуусунда болуп, Педагогикалык окуу жайлардын евразиялык ассоциациясынын алкагындагы стратегиялык пландар, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү сыяктуу эки тараптуу өнөктөштүктүн приоритеттүү багыттарын талкуулады. Жалпы тил илими кафедрасынын башчысы, филол.и.д., проф. А.В. Григорьев жана анын жамааты, директордун долбоордук ишмердүүлүк боюнча орун басары, доц. Г.О. Заблоцкий, эл аралык академиялык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги, доц. Н. Булашова ж.б. менен жолугушуп пикир алмашты. Күндүн экинчи жарымында аталган университеттин 1910-жылдарда курулган тарыхый башкы корпусуна жана шаардын кооз жайларына экскурсия жасады.
23 07:26 12-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|