ОшМУда Ардактуу ардагерлер күнү белгиленди
6-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде эмгек ардагерлерине арналган Ардактуу ардагерлер күнү салтанаттуу белгиленди.
Иш-чараны ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков ачып, ардактуу ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
Салтанатта ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Коланов Орунбек агай бата берип, акжолтой каалоо-тилектерин билдирди.
ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын басып өткөн эмгек жолу кийинки муун үчүн чоң үлгү экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан 560 ардагерге 1000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле университеттин атынан ардактуу ардагерлер үчүн сый дасторкон жайылып, жылуу маанайдагы кече уюштурулду.
Ардагерлер — университеттин тарыхын түптөгөн, анын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон кадырлуу инсандар. Алардын эмгеги, тажрыйбасы жана акыл-насааты бүгүнкү муун үчүн баа жеткис мурас.
Ардактуу ардагерлерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ар дайым сый-урмат каалайбыз!