Haber

ОшМУда Ардактуу ардагерлер күнү белгиленди

ОшМУда Ардактуу ардагерлер күнү белгиленди 6-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде эмгек ардагерлерине арналган Ардактуу ардагерлер күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чараны ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков ачып, ардактуу ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. Салтанатта ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Коланов Орунбек агай бата берип, акжолтой каалоо-тилектерин билдирди. ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын басып өткөн эмгек жолу кийинки муун үчүн чоң үлгү экенин белгиледи. Иш-чаранын алкагында ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан 560 ардагерге 1000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле университеттин атынан ардактуу ардагерлер үчүн сый дасторкон жайылып, жылуу маанайдагы кече уюштурулду. Ардагерлер — университеттин тарыхын түптөгөн, анын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон кадырлуу инсандар. Алардын эмгеги, тажрыйбасы жана акыл-насааты бүгүнкү муун үчүн баа жеткис мурас. Ардактуу ардагерлерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ар дайым сый-урмат каалайбыз!
24 09:51 12-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|