News

ОшМУда Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу кече өттү

ОшМУда Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу кече өттү 6-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан Мугалимдер күнүнө карата профессордук-окутуучулук курам үчүн «Олигарх» ресторанында салтанаттуу кече уюштурулду. Иш-чарага университеттин 500гө жакын рофессордук-окутуучулук курамы катышты. Кечени ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков ачып, жалпы окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү жана жаштарды тарбиялоодогу эмгегине жогору баасын берди. Ошондой эле мугалимдерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кесиптик ийгиликтерди каалады. Майрамдык кечеде ыр-күлкү, оюн-зоок жана кызыктуу программалар уюштурулуп, катышуучуларга жакшы маанай тартууланды. Келген конокторго атайын белектер тапшырылып, мугалимдердин эмгегине болгон сый-урмат көрсөтүлдү. Кеченин соңунда ОшМУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров сөз сүйлөп, окутуучуларды майрамы менен куттуктап, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Ал университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан ар бир окутуучуга ыраазычылык айтып, ийгилик жана бакубат жашоо каалады. Салтанаттуу кече көтөрүңкү маанайда өтүп, ОшМУнун рофессордук-окутуучулук курамына жагымдуу маанай тартуулады.
18 10:33 12-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|