ОшМУда ички иштер кызматкерлери менен жолугушуу өттү
06:27
13-10-2026
14
ОшМУда ички иштер кызматкерлери менен жолугушуу өттү
2026-жылдын 9-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде (ЭББПК) студенттер үчүн «Адаптация навигациясы: Илмексиз келечек» аталышындагы маанилүү кездешүү уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө
Жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу, алардын коомго туура аралашуусун камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатын көздөгөн маалыматтар берилди.
Иш-чара ОшМУнун ЭББПКнын Аялдар кеңешинин төрайымы Г. Борубекова, Г. Мадалиева, ошондой эле Индустриалдык-педагогикалык колледжинин "Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо" ПЦКсынын окутуучулары М. Т. Абдибаитов, Б. Ш. Жоробаев, З. А. Солтоев тарабынан биргеликте уюштурулду.
Иш- чарага
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кибер кылмыштар менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана «Ак-Буура» милиция аймактык бөлүмчөсүнүн өкүлдөрү катышты. Ички иштер органдарынын кызматкерлери студенттерге киберкылмыштуулуктан коргонуу, укуктук жоопкерчилик жана коомдук коопсуздук эрежелери боюнча баалуу маалыматтарды берип, пайдалуу кеңештери менен бөлүшүштү.