Новости

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде " Мугалимдер күнү" салтанаттуу белгиленди

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди 6-октябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Мугалимдер күнүнө карата майрамдык салтанаттуу кече болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө кадырлуу мугалимдер кызыл килемден өтүшүп, аларга арналган обондуу ырлар жаңырып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды. Ошондой эле студенттер өз колдору менен даярдаган фуршет уюштурулуп, ысык кофе жана чай сунулду. Өз кезегинде окутуучулар жамааты уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти. Бул маанайлуу кече тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ы.А. Термечикова тарабынан уюштурулду. Салтанатты жогорку деңгээлде өткөрүүгө профком А. Мамасадыков, Р. Жандозов агайлар жана Жаштар кеңешинин студенттери жакындан көмөктөшүштү.
16 06:36 13-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|