Haber

Табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында

2026-жылдын 24-сентябрындагы № 4943-ФХД/26 буйруктун негизинде Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин Табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуучулары (Ош, Кыргызстан) Навои мамлекеттик тоо-технологиялар университетинин Химия жана металлургия кафедрасынын базасында академиялык мобилдүүлүк программасына катышышты. Академиялык мобилдүүлүк программасы Навои мамлекеттик тоо-технологиялар университетинин ректору, профессор Б. Т. Мардоновдун 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 1-01/4531 чакыруусунун негизинде уюштурулду. Программанын алкагында окутуучулар аталган университетте өткөрүлгөн VII эл аралык конференцияга катышып, кесиптештери менен илимий жана педагогикалык тажрыйба алмашышты. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар университеттеги окуу процессинин уюштурулушу жана илимий иштердин жүргүзүлүшү менен таанышып, жергиликтүү кесиптештери өткөргөн химия боюнча лекцияларга жана практикалык сабактарга катышышты. Ошондой эле ОшМУнун окутуучулары өздөрү конок лекцияларын окуп, практикалык сабактарды өткөрүү менен өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Академиялык мобилдүүлүктүн жыйынтыгында катышуучуларга 72 сааттык окуу программасын ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Бул академиялык мобилдүүлүк окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана билим берүү менен илим тармагындагы тажрыйба алмашууну бекемдөөгө өбөлгө түздү.
4 09:03 13-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|