12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШТАР ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮЛӨР
09:42
13-10-2026
16
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШТАР ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮЛӨР
2026-жылдын 10-октябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде усулдук кеңештин демилгеси менен билим берүү тармагындагы заманбап реформаларга арналган маанилүү семинар-тренинг болуп өттү. Иш-чарага колледждин 40тан ашуун окутуучусу катышып, педагогикалык процессти жаңы нукка бурууга багытталган актуалдуу маселелерди кызуу талкуулашты.
Семинардын жүрүшүндө Алашова Адина 12 жылдык билим берүү системасынын түпкү философиясына жана РЭМ моделинин мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолуп, окутууну жаңыча уюштуруунун жолдорун эркин баяндап берди. Ал ошондой эле математика сабагын окутуудагы мазмундук өзгөрүштөргө токтолуп, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүнүн баалуу усулдары менен бөлүштү.
Ал эми Алтаева Гүлжамал башталгыч мектептерде негизги сабактардын бири болуп эсептелген "Мен жана дүйнө" предметин заманбап СЭО (5E) модели аркылуу кантип натыйжалуу ишке ашыруу керектигин практикада көрсөтүп берди.
Катышуучулар берилген интерактивдүү технологиялар боюнча өз суроолоруна жооп алышып, жаңы усулдарды окуу процессине киргизүү боюнча пикир алмашышты.