ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2026-жылдын сентябрь айында мектеп психологдору үчүн «Мектеп психологиясы: теориядан практикага карай» аталышындагы 144 сааттык кесиптик жогорулатуу курсу башталды.
Бул курс катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн онлайн жана оффлайн форматтарын айкалыштыруу менен өткөрүлүүдө.
Курстун тажрыйбалуу тренерлери:
Ажиматов Орунбай Аданович — психолог, доцент
Алиева Бусалийма Маннаповна — психолог, доцент
Джоошбекова Зинагүл Рысбаевна — психолог, доцент
Кошонова Салтанат Шаниязовна — психолог, доцент
Жолдошбаев Дилзатбек Алмарсбекович — психолог, доцент
Закиров Акимжан — психолог, доцент
Курстун алкагында мектеп психологиясынын актуалдуу маселелери, теориялык билимдерди практикада натыйжалуу колдонуу ыкмалары жана заманбап психологиялык усулдар тереңдетилип үйрөтүлөт.
Тандалган кесиптин чеберлеринен билим алып, кесиптик потенциалын жогорулатып жаткан бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!