Новости

Фергана университетинин окутуучулары үчүн

2026-жылдын 10-сентябрынан 8-октябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Өзбекстан Республикасынын Фергана университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн “Жогорку окуу жайлардагы заманбап лекциялардын жана семинарлардын педагогикалык дизайны” аттуу 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулуп, өткөрүлүүдө. Программанын алкагында п.и.к., доцент Т. А. Джороев окутуучулар үчүн атайын лекциялык жана практикалык сабак өттү. Сабактан соң коноктор университеттин «Next Generation Hub» борборуна барышты. Ал жерден борбордун директору Т. Умаров конокторду борбордун ишмердүүлүгү жана жаңы санариптик технологиялар менен жакындан тааныштырды. Аталган окутуу программасын жогорку квалификациялуу тренерлер курамы өтүүдө: Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джороев Ташболот Абдыхайымович; Филология илимдеринин кандидаты, доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна; Улук окутуучу Тойчуева Джылдыз Рахманбековна. Окуу процессинин алкагында катышуучулар заманбап лекциялык жана семинардык сабактарды долбоорлоо, педагогикалык дизайндын интерактивдүү куралдарын колдонуу боюнча тереңдетилген билим жана практикалык көндүмдөрдү алууда.
27 05:18 14-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|