ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту, Эл аралык байланыштар бөлүмү жана Кыргыз-Кытай факультети биргеликте, университет жетекчилигинин уруксаты менен 2026–2027-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынан келген угуучулар үчүн атайын орус тили курсун уюштурду.
2026-жылдын 24-сентябрында угуучулар курстун программасы менен таанышып, келишимдер түзүлдү.
Тренер: Филология илимдеринин кандидаты, доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна
Чет элдик студенттердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга жана алардын билимин тереңдетүүгө багытталган бул интенсивдүү курс жемиштүү натыйжаларды берет деген ишеничтебиз!