Эл аралык деңгээлдеги квалификацияны жогорулатуу курсу башталды
05:28
14-10-2026
25
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Өзбекстан Республикасынын Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинин окутуучулары үчүн «Климаттык өзгөрүүлөр шарттарындагы жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экологиялык көйгөйлөрү» аталышындагы 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду.
2026-жылдын 25-сентябрында келген угуучуларды ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, п.и.к., доцент Т. А. Джороев жана г.и.к., доцент, ОшМУнун ТооЭкоконсалтинг борборунун директору А. У. Аккулов жылуу тосуп алышты. Аларга институттун ишмердүүлүгү, шарттары жана курстун программасы тууралуу кеңири маалымат берилип, окуу процесси менен тааныштырылды.
Курстун өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 25-сентябрынан 25-октябрына чейин.
Бул курс экологиялык актуалдуу маселелерди чечүү жана тажрыйба алмашуу максатында төмөнкү тажрыйбалуу, илимдүү тренерлер тарабынан жүргүзүлөт:
Курстун тренерлери:
1.Аккулов Абдижапар Ураимович — г.и.к., доцент, ОшМУнун ТооЭкоконсалтинг борборунун директору;
2.Шамшиев Бакытбек Нуркамбарович — а-ч.и.д., профессор, ОшТУнун Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо билим берүү программасынын башчысы;
3.Шербаева Зувайда Эрмаматовна — г.и.к., доцент, ОшМУнун Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын башчысы;
4.Эрматова Венера Эрмаматовна — а-ч.и.к., ОшМУнун Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти;
5.Обдунов Элмурат Абдувапович — г.и.к., ОшМУнун Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын доценти;
6.Абжапарова Динара Амалбековна — т.и.к., ОшМУнун Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти;
7.Жаанбаева Чолпон Каныбековна — ю.и.к., ОшМУнун Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти;
8.Токтосунов Жумашбек — ОшМУнун Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын окутуучусу;
9.Полотов Ибраим Жеңишбекович — т.и.к., доцент, ОшМУнун Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын окутуучусу.