Новости

Кафедрада кезектеги методикалык семинар уюштурулду

Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.д., проф. С.М. Амиралиев “Своей игра” форматында иштелип чыккан электрондук платформаны студенттер өздөштүргөн материалды текшерүүдө колдонулушу боюнча методикалык семинар өтүп берди. Ага кафедранын 15 мүчөсү катышып, өздөрү менен кошо алып келген ноутбуктарында платформага кирип оюн түзүү, раунд, категория ачуу, суроолорду жайгаштыруу сыяктуу практикалык жумуштарды жасоо көндүмдөрүнө ээ болушту. Жыйында заманбап медициналык билим берүүдөгү интеллектуалдык таймаштардын актуалдуулугу жана пайдалуулугу белгиленди. Окутуучулардын билимин өркүндөтүүгө багытталган усулдук мүнөздөгү тажрыйба алмашуулар мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат.
13 05:31 15-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|