«Балдар ооруларынын пропедевтикасы» предмети боюнча 3-курстун 21-тобунун студенттери үчүн экинчи жуп сабак учурунда ачык сабак өткөрүлдү.
05:31
15-10-2026
22
«Балдар ооруларынын пропедевтикасы» предмети боюнча 3-курстун 21-тобунун студенттери үчүн экинчи жуп сабак учурунда ачык сабак өткөрүлдү.
Ачык сабактын темасы — «Respiratory System in Children» (Балдардын дем алуу системасы).
Сабактын максаты — студенттерге балдардын дем алуу системасынын анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө билим берүү, дем алуу органдарын текшерүүнүн негизги ыкмаларын үйрөтүү жана дем алуу системасын физикалык текшерүү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.
Сабак учурунда окутуучу теориялык материалдарды түшүндүрүү, көрсөтмө куралдарды жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонду. Студенттер теманы талкуулоого активдүү катышып, суроолорго жооп беришти жана алган билимдерин бекемдешти