Жанылыктар

Ветеринария адистигинин студенттерин окуу- өндүрүштүк практикага жөнөтүү.

Ветеринария адистигинин студенттерин окуу- өндүрүштүк практикага жөнөтүү. 2026-жылдын 5-октябрынан 24-октябрына чейин колледжибиздин Ветеринария адистиги боюнча билим алып жаткан ВТс- 1-25, ВТс9-1-24 (контракт) жана ВТс9-1-24 (бюджет) агымынын студенттери кезектеги окуу-өндүрүштүк практикасына жөнөп кетишти. Өндүрүштүк практиканын алдында студенттер үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш-чарага Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы А. Н. Халмурзаев жана колледждин практика жетекчиси С. Сарыева катышып, практиканын маанилүүлүгүнө токтолду. Жыйында Ветеринария адистигинин тажрыйбалуу окутуучулары П. Маматкалыков жана Э. Рыскулбеков студенттерге өндүрүш практикада өзүн кандай алып жүрүү керектиги, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн тартиби жана практиканы ийгиликтүү өтүүнүн жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат беришти. Ал эми Кесипке багыт берүү ПЦКсынын практика жетекчиси Н. Каллиникова студенттерге күнүмдүк күндөлүктү (дневник) жана практиканын жыйынтыктоочу отчетун туура, сабаттуу толтуруунун тартибин жана талаптарын түшүндүрүп өттү. Болочок ветеринар адистерибизге алган теориялык билимдерин өндүрүштө ийгиликтүү бекемдеп, тажрыйба топтоп келүүлөрүн каалайбыз!
6 09:58 15-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|