ОшМУда мугалимдердин жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин эмгеги бааланды
10:02
15-10-2026
14
Ош мамлекеттик университетинде Мугалимдер күнүнө жана 19-октябрь — Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин «Кесиптик бирликтин отличниги» төш белгиси жана Ардак грамотасы кызматкерлерге тапшырылды.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, полковник Абдыкадыр Арынович ачып, Борбордук комитеттин төрагасы Саламат Боёновдун жана өзүнүн атынан сыйлык ээлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ал өз сөзүндө билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, кесиптик милдетин жоопкерчилик менен аткарып, кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого салым кошуп келе жаткан адистердин эмгегин белгиледи.
Сыйлоо аземинде университеттин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, жаш муундарды тарбиялоого, эмгек жамаатында ынтымакты бекемдөөгө жана кесиптик бирликтин ишин өркүндөтүүгө салым кошкон кызматкерлердин эмгеги жогору бааланды. Жалпысынан 50гө жакын кызматкер ар кандай сыйлыктарга ээ болду.
Мындай сыйлоо иш-чаралары кызматкерлердин көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоого, кесипке болгон сый-урматты арттырууга жана жаңы ийгиликтерге шыктандырууга багытталган. Сыйлыкка ээ болгон кызматкерлерди куттуктап, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик жана мындан аркы кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз!