Жанылыктар

Тажрыйба алмашуу иш чарасы

Тажрыйба алмашуу иш чарасы Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин окутуучулары: б.и.к., доцент А.Халмурзаев, окутуучулар Маматкулов П, Калинникова А, Рыскулбекоа Э тажрыйба алмашуу, эл аралык байланыштарды чыңдоо максатында Өзбекстан республикасынын, Андижан облусундагы Мархамат 3- ветеринардык медицина жана аргардык – ирригациялык техникумдарында болуп кайтышты. Өзбекстандын коллеждериндеги студенттер үчүн түзүлгөн базалык шарттар жогорку деңгээлде экендиги, ветеринардык медицина техникумунун өздөрүнө тиешелүү айыл чарба жерлери, айыл чарба жана үй жаныбарлары, канаттуулары бар экендиги өзгөчө кызыгууларды жаратты. Ветеринардык медицина техникумунун ага окутуучусу Набижон Хошимов техникумдун лекция, лаборатордук сабактар өтүлүүчү кабинеттер, музей, жаныбарлар кармалуучу клиникалык бөлүм менен жана студенттик жамаат менен тааныштырып өттү. Айыл чарба колледжинин К.Б.Б ПЦК сынын башчысы, б.и.к., доцент Халмурзаев А.Н. Мархамат ветеринардык медицина техникумунун студенттерине “Жаныбардын зооантропоноздук оорулары” аттуу конок лекция өттү. Жумушчу сапар Мархамат 4- иригация жана агрардык техникумунда улантылып, техникумдук окуу боюнча директордун орун басары Абдуразаков Абдумалик техникумдун материалдык техникалык базасы жана окуу программалары менен тааныштырды. Мархамат аймагынын “Равнак“ сүт өндүрүүчү фермасында 400 баш “Гольштейн” тукумундаг уй, анын ичинен 230 башы саан уй. Ферма толук бойдон автоматташтырылган, тоют таркатуу, сүт сааны, ар бир уй чиптештирилип, уйдун күүгө келүү убактысы, оорулардын, канча сүт бар экендиги алдын ала компьютерден көрүнүп турат Жумушчу сапар окутуучулар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.
8 10:17 15-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|