Новости

МФТИТ институтунда 1-курстардын адаптациялык жумалыгы башталды!

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда жаңы кабыл алынган 1-курстардын университеттик чөйрөгө тез адаптациялануусуна багытталган адаптациялык жумалык өтүүдө.
Жуманын алкагында студенттерге университеттин түзүмү, окуу процесси жана студенттик жашоо тууралуу кеңири маалыматтар берилүүдө. Атап айтканда:
MyEdu платформасында иштөө тартиби;
модуль, сессия жана экзамендер тууралуу маалымат;
академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү;
институттун дирекциясы жана кафедралары менен таанышуу; лабораторияларга экскурсия жана алардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу;
кураторлор менен жолугушуу;
студенттер үчүн спорттук оюндар жана кызыктуу иш-чаралар уюштурулду.
Адаптациялык жумалык бул биринчи курстун студенттерине жаңы чөйрөгө көнүп, университеттин мүмкүнчүлүктөрүн таанып, окуу процессин туура уюштурууга жардам берген маанилүү этап.
МФТИТке кош келиңиздер! Студенттик жашооңуздар ийгиликтүү жана кызыктуу болсун!
31 04:54 16-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|