Новости

МФТИТ институтунда жаңы окуу жылы салтанаттуу башталды!

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялыкк технологиялар институтунда жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарада ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жалпы студенттерди жана институттун эмгек жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим берүүдө, илимде жана кесиптик өнүгүүдө чоң ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле МФТИТ институтунун директору, доцент Бектур Азимов, профессорлор Салы Каримов, Гулбадан Матиева, Ысламидин Ташполотов студенттерге өздөрүнүн акыл-насааттарын айтып, жаңы окуу жылында бийик максаттарды коюп, талыкпай билим алууга чакырышты.
Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаңы жетишкендиктердин башаты!
МФТИТ институту үчүн бул окуу жылы да сапаттуу билим, заманбап технологиялар, илимий изилдөөлөр, инновациялык долбоорлор жана эл аралык кызматташтык менен коштолгон ийгиликтүү жыл болоруна ишенебиз.
Урматтуу студенттер! Билим алууга умтулуу, изденүү жана эмгек — келечекке алып баруучу эң ишенимдүү жол. Ар бир күнүңүздөр жаңы билимге, жаңы тажрыйбага жана жаңы жеңиштерге бай болсун!
Жаңы окуу жылыңыздар кут болсун!
Окууда ийгилик, чыгармачылык дем, бекем ден соолук жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
МФТИТ — билим, илим жана инновациянын келечеги!
22 07:11 16-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|