ОшМУнун МФТИТ институтунун колдонмо математика, информатика жана
графикалык дизайн кафедрасынын илимий кызматкери, ф.-м.и.д., профессор
Юлдашев Турсун Камалдиновичке университеттин Окумуштуулар кеңешинин
2026-жылдагы чечими менен «ОшМУнун Ардактуу профессору» ардак наамы
ыйгарылды.
Бул окумуштуунун көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердигине, илимий
кадрларды даярдоого кошкон салымына жана эл аралык жетишкендиктерине
берилген жогорку баа.
Профессор Т.К. Юлдашев 2025-жылы Стэнфорд университети жана Elsevier
(Scopus) жарыялаган маалыматтар боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 2%
окумуштуулардын катарына кирген. Бүгүнкү күнгө чейин 500дөн ашык илимий
жана илимий-методикалык эмгектерин жарыялап, докторанттарга, PhD
докторанттарга жана магистранттарга илимий жетекчилик кылып келет.
Ошондой эле «Journal of Osh State University. Differential Equations»
илимий журналынын башкы редактору катары университеттин илимий-басма
ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө салым кошууда.
Профессор Турсун Камалдиновичти ардактуу наамы менен чын жүрөктөн
куттуктайбыз! Бекем ден соолук, узун өмүр жана илимий-педагогикалык
ишмердигине жаңы ийгиликтерди каалайбыз!











