2026-жылдын 16-октябрында ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Долбоордук ишмердүүлүктүн негиздери: идеядан долбоорго карай» аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чараны ОшМУнун Бизнес-паркынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Enactus ОшМУ командасынын жетекчиси Камалов Эрлан Токтоназарович жана стартап командасы алып барды.
Семинарга колледждин окутуучулары, Котормо иши бөлүмүнүн башчысы Жалиев Бекмамат Кутбидинович жана 1–2-3 курстун студенттери катышты.
Семинарда долбоор түзүүнүн негизги этаптары, идеяларды өнүктүрүү жана ишке ашыруу жолдору талкууланды. Иш-чара студенттердин чыгармачылык ой жүгүртүүсүн жана демилгелүүлүгүн арттырууга багытталды.
Жооптуулар: Ашираали кызы Акмарал, Асланбек кызы Айзирек, Мамаева Ханзада Талантбековна, Сулайманжанова Нураида, Мадалиева Гулзат.