News

ПИ институтунун БББТМ кафедрасынын “Көркөм өнөр жана музыка” секциясында 12 жылдык билим берүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 14-октябрында «Көркөм өнөр жана музыка» секциясынын окутуучулук курамы 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу нормативдик документтер, предметтик стандарттар, окуу программалары жана календардык-тематикалык пландар боюнча талкуу өткөрүштү. Анда кафедра башчысы, доцент Д. А.Тагаева жаңы окуу жылына карата нормативдик документтердеги өзгөрүүлөр жана окуу программаларына киргизиле турган темалар боюнча маалымат берди. Секциянын мүчөлөрү башталгыч класстарда “Көркөм өнөр жана технология” жана “Музыканы” окутуунун өзгөчөлүктөрү, окуучуларда калыптандырылуучу компетенттүүлүктөр жана болочок мугалимдерге зарыл болгон билимдер тууралуу өз ойлорун билдиришти. Ошондой эле секция жетекчиси Т. Мейманов тандоо курсунда окутулуучу Ритмика дисциплинасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Талкуу кызыктуу жана жакшы маанайда өтүп, окуу программаларын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду.
38 10:45 17-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|