Новости

ПИ институтунун БББТМ кафедрасынын “Башталгыч класстарда математиканы окутуу” секциясында 12 жылдык билим берүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 15-октябрында “Башталгыч класстарда математиканы окутуу” секциясынын профессордук-окутуучулук курамы 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу нормативдик документтер, предметтик стандарттар, окуу программалары, базистик окуу планы жана календардык-тематикалык пландарды талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү системасына ылайык иштелип чыккан математика окуу китептерине талдоо жүргүзүлүп, алардын мазмуну, темалардын ырааттуулугу, тапшырмалардын түзүлүшү жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келиши каралды. Ошондой эле математиканы окутуунун жаңыланган талаптары, окуучулардын математикалык сабаттуулугун жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Секциянын мүчөлөрү нормативдик документтердеги өзгөрүүлөрдү эске алуу менен 2026–2027-окуу жылына карата окуу программаларына киргизиле турган өзгөртүүлөрдү, студенттерге 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча зарыл маалыматтарды жеткирүү жана болочок башталгыч класстын мугалимдерин кесиптик даярдоо маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында, секция мүчөлөрү өз пикирлерин жана сунуштарын билдирип, математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү жана жаңы билим берүү талаптарын окуу процессинде натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ой бөлүшүштү. Талкуу кызыктуу жана жакшы маанайда өтүп, окуу программаларын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуулар болочок башталгыч класстын мугалимдеринин билимдеринин сапаттуу болушуна өбөлгө болору белгиленди.
35 10:49 17-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|