News

ПИ институтунун БББТМ кафедрасынын “Табият тануу жана аны окутуунун методикасы” секциясында 12 жылдык билим берүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 16-октябрында “Табият тануу жана аны окутуунун методикасы” секциясынын прфессордук-окутуучулук курамы 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу нормативдик документтер, предметтик стандарттар, окуу программалары, базистик окуу планы жана календардык-тематикалык пландар талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө Башталгыч билим берүү жана Мектепке чейинки билим берүү адистиктерин даярдоодо секцияга тиешелүү дисциплиналарды окутуунун өзгөчөлүктөрүнө, жаңыланган окуу программаларынын мазмунуна жана предметтик стандарттардын талаптарына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата окуу программаларына киргизиле турган өзгөртүүлөр жана болочок мугалимдерди даярдоонун актуалдуу маселелери каралды. Секциянын мүчөлөрү 12 жылдык билим берүү системасынын талаптарына ылайык “Мен жана дүйнө” предмети жана аны жалпы билим берүүчү башталгыч класстарда окутуунун натыйжалуу ыкмалары, окуучулардын илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Мындан тышкары, студенттерге жаңыланган билим берүү стандарттары, окуу программалары жана окутуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү боюнча зарыл маалыматтарды берүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында, секциянын мүчөлөрү окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана 12 жылдык билим берүү системасынын талаптарын окуу процессинде натыйжалуу ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Талкуу кызыктуу жана жакшы маанайда өтүп, окуу программаларын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу студенттерге билим берүүдө натыйжалуу болору белгиленди
36 10:56 17-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|