Haber

ОшМУнун кесиптик бирлиги ЕУКБУАга мүчө болду

ОшМУнун кесиптик бирлиги ЕУКБУАга мүчө болду 2026-жылдын 12–15-октябрь күндөрү Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент А. Э. Саттаров Евразия университеттеринин кесиптик бирлик уюмдарынын ассоциациясынын (ЕУКБУА) XXXIX съездине жана Дагестан мамлекеттик университетинин 95 жылдык мааракесине арналган илимий конференцияга катышты. Иш-чаранын алкагында А. Э. Саттаров ЕУКБУАнын мүчөлөрүнө ОшМУнун кесиптик бирлигинин учурда аткарып жаткан иштери жана келечектеги ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берип, университеттин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди. Иш-чаранын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги Евразия университеттеринин кесиптик бирлик уюмдарынын ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынды. Бул окуя ОшМУнун кесиптик бирлигинин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана кесиптик бирлик уюмдары менен байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
6 15:02 18-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|