ОшМУнун Курулуш колледжинде Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси И. М. Акматов кесипкөй адистери менен биргеликте келип, колледждин директору М. Т. Тентимишовдун катышуусунда студенттер жана окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш жана архитектура тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, тиешелүү жоопторду алышты. Ошондой эле шаар куруу, архитектуралык долбоорлоо, курулуш иштерин уюштуруу жана тармактагы заманбап талаптар тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, адистер студенттерге теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүктө жоопкерчилик, чыгармачылык жана кесипкөйлүк чоң роль ойной тургандыгын баса белгилешти.
Мындай жолугушуулар билим берүү мекемеси менен тармактык уюмдардын кызматташтыгын чыңдоого, студенттердин кесиптик билимин тереңдетүүгө, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адистигине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
ОшМУнун Курулуш колледжи жаш адистерди даярдоодо теориялык билим менен практиканы айкалыштырууга жана кесиптик өнүгүүгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.
Келечектин куруучулары — бүгүнкү билимдүү жана демилгелүү жаштар!