Жанылыктар

ЖЕҢИШ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

Ош шаарындагы окуу жайлардын арасында өткөрүлгөн «Мамлекеттик тилдин санарип дүйнөсүндөгү орду» аттуу сынакта I орунду (30000 сом) Ош мамлекеттик университетинин математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын окутуучусу Калбаев Жанболот ээледи!
Жанболот Калбаев сынакта «Улуттук мурас жана санариптик билим берүү» аттуу автордук платформасын тааныштырып, улуттук баалуулуктарды заманбап санариптик технологиялар менен айкалыштыруунун мыкты үлгүсүн көрсөттү.
Калбаев Жанболотту чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мындан аркы чыгармачылык изденүүлөрүнө, жаңы долбоорлорду жаратуусуна ийгиликтерди каалайбыз!
31 04:28 19-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|